Израилдин Газа тилкесинин борборуна карата кол салуусунда 24 палестиналык каза болду
Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нусайрат качкындар лагеринде «ан-Нади» үй-бүлөсүнө таандык үйдү бомбалады.
Израиль геноцид кылган Газа тилкесинин борборуна жасалан кол салууда кеминде 24 палестиналык, анын ичинде 6 бала жана 5 аял каза болду.
Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нусайрат качкындар лагеринде «ан-Нади» үй-бүлөсүнө таандык үйдү бомбалады.
Кол салууда 6 бала жана 5 аял болгон кеминде 20 палестиналык каза болду. Бутага алынган үй жана анын айланасындагы 50 киши жараат алды.
Израиль армиясы согуштук учактар менен бомбалаган үй талкаланып, жанындагы үйлөргө да зыян келтирилди.
Газанын жарандык коргонуу топтору кол салуу болгон аймакта дайынсыз жоголгон адамдарды издөөдө.
Израилдин 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында болжол менен 17 миң 492си бала жана 11 миң 979у аял болгон 44 миң 612 палестиналык каза болуп, 105 миң 834 киши жараланды.
Урандылардын астында азыр да миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.
Тектеш кабарлар
Россия : "Харьков облусунда Западное конушун колго алдык"
Россиянын коргоо министрлиги кечээ Донецк аймагындагы Волково конушун басып алганын жарыялаган.