Газада каза болгондордун саны 44 миң 664кө жетти
Израиль армиясынын 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 664кө жетти.
Израиль армиясынын 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 664кө жетти.
Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 428 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында акыркы 24 саатта жүргүзгөн «4 кыргынында» 52 кишинин каза болгону, 142 кишинин жараланганы белгиленди.
Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 664кө, жаралуулардын саны 105 миң 976га жеткендиги маалымдалды.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде азыр да сөөктөрдүн бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы да кайталанды.