Франческа Албанесе Газадагы адамзатка каршы кылмыштарды жана геноцидди токтотууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестина боюнча атайын баяндамачысы Франческа Албанесе Газадагы адамзатка каршы кылмыштарды жана геноцидди токтотууга чакырды.

2218016

Франческа Албанесе Австриянын Вена университетинде өткөн  "Израиль согушу: колониялык этникалык тазалообу?" деген темада сөз сүйлөдү.

Албанесе Израилдин Газадагы аракеттеринин согуш эрежелерин эске албаган системалуу кыйратуу процесси экенин баса белгиледи. Аймакта болгондордун геноцидге окшогон идеологиялык жек көрүүнүн негизине таянгандыгын белгилеп, жаран түшүнүгүнүн жок кылынганын жана жарандардын өлтүрүлүшүнүн мыйзамдаштырылганына көңүлдөрдү бурду.

Өзгөчө Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан кийинки аракеттерин этникалык тазалоо катары мүнөздөп, Газанын тарыхый маанисин жок кылуу аракетинин уланып жатканын билдирди.

Албанесе бул кырдаалга каршы чара көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар