Буркина-Фасодо өкмөт таркатылды

Тамбела Траоренин  2022-жылдын сентябрында бийликке келгенден көп өтпөй 2022- жылдын октябрь айында премьер-министр болуп дайындалган.

2218027
Буркина-Фасодо өкмөт  таркатылды

Буркина-Фасодо премьер-министр Аполлинер Йоахим Кайлем де Тамбела кызматтан бошотулуп, өкмөт таркатылды.

Президенттик аппарат тарабынан жарыяланган жарлыкта президент Ибрагим Траоренин өкмөттү таркатканы жана премьер-министр Тамбеланы кызматтан бошоткондугу белгиленди.

Жарлыкта Тамбеланын эмне себептен кызматтан алынганы билдирилбестен, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин министрлер кабинетинин өз милдетин уланта турганы баса белгиленди.

Тамбела Траоренин  2022-жылдын сентябрында бийликке келгенден көп өтпөй 2022- жылдын октябрь айында премьер-министр болуп дайындалган.



Тектеш кабарлар