Орусия Польшанын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугун жабууда

Бул боюнча Польша тарапка нота жөнөтүлгөндүгү айтылды.

2217511
Орусия Польшанын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугун жабууда

Орусия Польшанын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугун жабууну чечти.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Польшанын 30-ноябрда Орусиянын Познань шаарындагы Башкы консулдугун жабуу чечимин чыгарганы эске салынды.

Жооп катары Польшанын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугунун 2025-жылдын 10-январынан тарта жабыла турганы маалымдалган билдирүүдө, бул боюнча Польша тарапка нота жөнөтүлгөндүгү айтылды.

Билдирүүдө ошондой эле Польшанын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугунда иштеген 3 дипломаттын тең "персона нон грата" деп жарыяланганы жана ошол эле датага чейин өлкөдөн чыгып кетүүсү керектиги кабарланды.

Поляк администрациясынын акыркы жылдары Орусияга карата «душмандык» саясатын жүргүзгөндүгү белгиленген билдирүүдө: «Москва келечекте достукка жатпаган кадамдарга каршы катаал чараларды көрөт»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар