Кытай Тайванга курал саткандыктан америкалык фирма жана жетекчилерге санкция салат
Кытай Тайванга курал сатуудан улам америкалык 13 коргоо өнөр жай фирмасына жана 6 жетекчиге санкция сала турганын жарыялады.
Кытай Тайванга курал сатуудан улам америкалык 13 коргоо өнөр жай фирмасына жана 6 жетекчиге санкция сала турганын жарыялады.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын Тайванга жаңы курал сатуусунун «Бир гана Кытай» принцибине жана эки өлкөнүн карым-катнаштарынын негизин түзгөн Үч биргелешкен декларацияга карама-каршы келгендиги белгиленди.
Билдирүүдө, сатуунун Кытайдын ички иштерине кийлигишүү болгону, эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө шек келтиргендиги айтылып, чет элдик санкцияларга каршы чараларды көрүү мыйзамына ылайык 13 фирма жана 6 жетекчиге санкция киргизиле тургандыгы маалымдалды.
Санкциялардын алкагында сөз болгон фирма жана адамдардын Кытайдагы бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү тоңдурулуп, өлкөдө бул адамдар жана мекемелер менен кызматташуу, соода кылуу жана башка биргелешкен иш-аракеттерге тыюу салынат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти акыркы жолу 29-ноябрда Тайванга Ф-16 запастык бөлүктөрүн, Электрондук сканерленген Active Index радар системасын жана Мобилдик абоненттик жабдуулар тактикалык байланыш системасын сатууга уруксат бергенин жарыялаган. Бул АКШнын президенти Жо Байден баштаган өкмөттүн Тайван үчүн бекиткен 18 - аскердик сатуу болду.