Хизбуллахтын башкы катчысы Наим Касым ок атышпоо келишими тууралуу билдирди
Хизбуллахтын башкы катчысы Наим Касым Израилдин ондогон эреже бузуусуна карабастан ок атышпоо келишиминин ийгиликтүү болушуна мүмкүнчүлүк бергендерин айтты.
Хизбуллахтын башкы катчысы Наим Касым Израилдин ондогон эреже бузуусуна карабастан ок атышпоо келишиминин ийгиликтүү болушуна мүмкүнчүлүк бергендерин айтты.
Наим Касым телекөрсөтүүдө сүйлөгөн сөзүндө Израиль менен Ливандын ортосунда 27-ноябрда күчүнө кирген ок атышпоо келишиминин бузулушун көзөмөлдөө жоопкерчилигинин мамлекетке таандык экенин белгиледи.
Израиль менен ок атышпоо келишимин кабыл алгандарын белгилеген Касым : «Израиль ок атышпоо келишимин 60тан көп бузду. Муну изилдөө жоопкерчилиги Ливан өкмөтүндө, Хизбуллах болсо келишимдин ийгиликтүү болушуна мүмкүнчүлүк берүүдө»,- деди.
Хизбуллахтын ок атышпоодон кийинки абалына да токтолгон Касым : «Болуп жаткан кризис жана согуштарга баа берип, бардык тармактарда бизди өнүктүрө турган сабак алабыз»,- деди.
Ливан менен Израилдин арасында түзүлгөн ок атышпоо келишими 27 - ноябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:00дө (Түркия убактысы боюнча 05:00) ишке кирген.