Калифорнияда жер титиреди

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр кызматы (USGS) жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.44тө жээктен болжол менен 63 чакырым алыстыкта ​​жана 0,9 километр тереңдикте кататлганын жарыялады.

2217597
Калифорнияда жер титиреди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатынын түндүк жээгинде күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду.
АКШнын Геологиялык изилдөөлөр кызматы (USGS) жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.44тө жээктен болжол менен 63 чакырым алыстыкта ​​жана 0,9 километр тереңдикте катталганын билдирди. 

Калифорниянын түндүгү менен Орегон штаттарында кеңири сезилген жер титирөөдөн кийин АКШнын Улуттук аба ырайы кызматынын Цунами борбору тарабынан эскертүү берилди. Борбор бир канча убакыттан кийин цунами эскертүүсүн алып салганын жарыялады.

Жетекчилер адам өмүрүнө зыян келип же келбеги тууралуу азырынча маалымат түшпөгөнүн билдиришти.



Тектеш кабарлар