Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
![Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5d32/9b34/1528/6752e5c3eb387.jpg?time=1736892501)
Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 612ге жетти.
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында акыркы 24 сааттагы «3 кыргынында» 32 кишинин каза болгону, 95 кишинин жараланганы белгиленди.
Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине карай кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 612ге, жаралуулардын саны 105 миң 834кө жеткени кабарланды.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле өлүктөрдүн бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Палестина өкүлү Рик Пиперкорн Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынына онлайн түрдө катышып билдирүү жасады.
Израиль армиясынын Газанын түндүгүнө карай кургактан кол салууларынын уланып жатканын жана мунун саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүүгө тоскоол болгонун айткан Пиперкорн: "Кемал Адван, Аль-Ауде жана Индонезия ооруканаларына кирүү чектелген абалда»,- деди.
Пиперкорн Газада кеминде 12 миң бейтаптын аман калышы үчүн медициналык эвакуацияга муктаж экенин баса белгиледи.