Францияда мамлекеттик кызматкерлер иш ташташты

Өлкөнүн ар кайсы жеринде, өзгөчө борбор шаар Парижде киш таштоого чыккан мамлекеттик кызматкерлер эмгек шарттарынын жакшырышы боюнча талаптарын билдиришти.

2217709
Францияда мамлекеттик кызматкерлер иш ташташты

Францияда 200 миң мамлекеттик кызматкерлер иш таштоого чыкты.

Мамлекеттик кызматкерлер кечээ Жумушчу профсоюздарынын чакыруусу менен келерки жылы мамлекеттик мекемелерде үнөмдөө планына каршы иш  ташташты.

Өлкөнүн ар кайсы жеринде, өзгөчө борбор шаар Парижде көчөгө чыккан мамлекеттик кызматкерлер эмгек шарттарынын жакшырышы боюнча талаптарын билдиришти.

Митингчилер өкмөттөн мамлекеттик кызматкерлерге сый көрсөтүлүшүн талап кылышты.

Өлкөнүн эң ири жумушчу профсоюзу болгон Башкы Профсоюздун (CGT) башкы катчысы Софи Бинет журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, өлкөдө мамлекеттик жана менчик секторлордо жүз миңдеген кишинин жумуштан чыгарыларын айтты.
Бинет өкмөттүн кулатылышы менен башталган акыркы саясий окуяларга байланыштуу: «Өлкөбүз бизди тынчсыздандырган саясий кризистин ичинде»,-деп, президент Эммануэль Макронду профсоюздардын жана кызматкерлердин үнүн угууга чакырды.

Макрондун элдин жалпы кызыкчылыктарын коргоп, президенттик милдетин аткарышын каалаган Бинет, Францияда бир өкмөттүн социалдык талаптарды орундатпастан  жашай албасын белгиледи.

CGTнын маалыматына караганда өлкө боюнча митингдерге 200 миңден ашык мамлекеттик кызматкер катышты.



Тектеш кабарлар