Биньямин Нетаньяху министрлерди тыңшоо буйругун бериптир

Шин-Беттин мурдагы  директору Йорам Коэн Биньямин Нетаньяхунун министрлер менен коопсуздук кызматкерлеринин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоону тапшырганын жарыялады.

2217738
Биньямин Нетаньяху министрлерди тыңшоо  буйругун бериптир

 Израилдин ички чалгындоо кызматы Шин-Беттин (Шабак) мурдагы  директору Йорам Коэн кызматта турган кезинде  өзүнө премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун министрлер менен коопсуздук кызматкерлеринин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоону тапшырганын жарыялады.

Йорам Коэн Израилдин коомдук телеканалы KANга таандык  радиого маек берип, бир коопсуздук жыйынынан кийин  «маанилүү бир теманын» ачыкка чыгарылышынан  "тынчсызданганын"  айткан Нетаньяхунун өзүнө жыйынга катышкан министрлер менен коопсуздук кызматкерлеринин телефондорун тыңшоону буйруганын айтты.

Израилдин премьер-министрлик кеңсесинен берилген билдирүүдө Коэн "башка бир ойдон чыгарылган окуяны жаратууга аракет кылуу" менен айыпталып, бирок дооматтары толугу менен четке кагылган жок.

Билдирүүдө премьер-министр Нетаньяхунун "мамлекеттик маанилүү сырды" коргоого аракет кылып жатканы жана мыйзам чегинде иш кылгандыгы айтылды.



Тектеш кабарлар