Артемида программасы үчүн пландалган даталар кийинкиге жылдырылды

Space.com сайтындагы кабарга караганда НАСАнын жетекчиси Билл Нельсон маалымат жыйынында бул темага байланыштуу билдирүү жасады.

2217888
Артемида программасы үчүн пландалган даталар кийинкиге жылдырылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аэронавтика жана Космос агенттиги (НАСА) Айга кайтуу долбоору деп аталган «Артемида программасы» үчүн пландалган даталардын жылдырылганын жарыялады.

Space.com сайтындагы кабарга караганда НАСАнын жетекчиси Билл Нельсон маалымат жыйынында бул темага байланыштуу билдирүү жасады.

Нельсон Артемида программасынын алкагында аткарыла турган 1972-жылдан берки алгачкы экипаждуу Ай миссиясы болгон Артемида IIни ишке ашыруу датасынын 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын апрелинен кийинкиге, Артемида III миссиясынын 2026-жылы Айга конуу планынын болсо 2027-жылга жылдырылганын кабарлады.  

Нельсон бул кечигүүлөрдүн 2022-жылы Артемида I сыноо учуусу учурунда экипажсыз учурулган Орион капсулунун жерге кайтып келүүсүндө жылуулук калканчында пайда болгон көйгөйлөр менен байланыштуу экенин айтты.

НАСАнын астронавттардын Айга кайтуу максатына жетүү учурунда туш боло турган тобокелдиктерди түшүнүү үчүн кеңири сыноолорду өткөргөнүн белгилеген Нельсон, бул сыноолордун космостук кемеде пайда болгон жылуулук калканчынын көйгөйлөрүнүн түпкү себебин аныктай турганын билдирди.



Тектеш кабарлар