АКШдан Иранга "Сирия" чакырыгы

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пател күнүмдүк маалымат жыйынында Сириядагы акыркы абалга баа берди.

2217779
АКШдан Иранга "Сирия" чакырыгы

Америка Кошмо Штаттары (АКШ): "Биз Ирандын Сириядагы туруксуздукка алып келген аракеттерин токтотуусун каалайбыз" деп билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пател күнүмдүк маалымат жыйынында Сириядагы акыркы абалга баа берди.

Ирандын Сирия режимине колдоо жөнөтүүгө даярданып жатканы тууралуу кабарга байланыштуу Пател: "Иран режимин 1979-жылдан бери терроризмдин жана туруксуздуктун эң чоң булактарынын бири деп ойлойбуз. Ушул себептен Ирандын Сириядагы туруксуздукка алып келген аракеттерин токтотуусун каалайбыз",- деди.

Сириядагы акыркы абалды баалоодо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №2254 резолюциясына токтолгон АКШнын басма сөз катчысы, өлкөдөгү саясий чечим жана Ирандын «стабилдүүлүктү бузуу» иш-аракеттеринин соңуна чыгарылышында аталган резолюциянын «негизги» ролду ойногонуна басым жасады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2254 резолюциясы:

2015-жылдын 18-декабрында бир добуштан кабыл алынган резолюцияда Сирияда ок атышууну дароо токтотуп, өлкөдө саясий чечим кабыл алынышы керектиги айтылган.



Тектеш кабарлар