Сирияда куралдуу топтор Хамага карай багыт алды
Асад режиминин күчтөрү менен 27-ноябрдан бери кагылышып жаткан Хаят Тахрир аш-Шамдын (HTS) башчылыгындагы режимге каршы топтор Хама провинциясы багытында алдыга жылууда.
Сирияда Башар Асад режимине каршы куралдуу топтор Хама шаарынын борборунун чет жактагы маалаларына кире баштады.
Асад режиминин күчтөрү менен 27-ноябрдан бери кагылышып жаткан Хаят Тахрир аш-Шамдын (HTS) башчылыгындагы режимге каршы топтор Хама провинциясы багытында алдыга жылууда.
Режимге каршы куралдуу топтор шаардын борборунун чыгышындагы Мезариб, Санаи жана Арбаин райондоруна кире баштады.
Катуу кагылышуулар да уланып, орус согуштук учактары Сирия режиминин күчтөрүнө колдоо көрсөтүүдө.
27-ноябрда Сириянын түндүгүндөгү Халеп провинциясынын батышында Асад режиминин күчтөрү менен режимге каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу чыккан.
28-ноябрда Халептин борборуна карай ылдамдык менен алдыга жылган режимге каршы куралдуу топтор 30-ноябрда борбордун көпчүлүк бөлүгүн басып алышкан.
30-ноябрда Хан-Шейхун районун алуу менен Идлибдин бардыгын көзөмөлгө алган куралдуу топтор Хама провинциясында кагылышуу менен алга жылышын улантууда.
Сирия улуттук армиясынын Халеп элетинде 1-декабрда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы баштаткан «Эркиндик таңы» операциясында Тел-Рыфат районунун борбору террордон куткарылды.