Путин: "АКШ Жакынкы Чыгышта агрессивдүү иш кылууда"

Владимир Путин Орусиядагы ВТБ банкы уюштурган “Орусия чакырууда” эл аралык инвестициялык форумуна катышты.

2217166
Путин: "АКШ Жакынкы Чыгышта агрессивдүү иш кылууда"

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын Жакынкы Чыгышта агрессивдүү иш кылып жатканын билдирди.

Владимир Путин Орусиядагы ВТБ банкы уюштурган “Орусия чакырууда” эл аралык инвестициялык форумуна катышты.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Путин, Батыштын экономика тармагында өлкөсүн стратегиялык жеңилүүгө учуратууга аракет кылганын, бирок ийгиликке жетпегенин айтты.

Путин Батыштык саясатчылардын Орусия менен кызматташкан өлкөлөргө кысым көрсөткөнүн жана бул өлкөлөрдү санкциялар менен коркутуп жатканын белгилеп: «Дүйнө өзгөрүүдө жана баары каалагандай боло бербейт. «Алар (батыш саясатчылары) өздөрүнүн аракеттери менен көп уюлдуу дүйнөлүк тартиптин түзүлүшүн тездетип жатышат»,-деди.

АКШнын 47-президенти болуп шайланган Дональд Трамптын «БРИКС өлкөлөрү жаңы валюта түзбөй тургандарын жана доллардан алыс болууга аракет кылбай тургандарын убада кылышпаса 100 пайыз бажы төлөмүнө дуушар болушат» деген сөзүнө баа берген орус лидери дүйнөнүн өзгөргөнүн айтты.

Путин: «Трамп 4 жыл Ак үйдө болгон жок. Бул мезгилде дүйнөдө жана Америка экономикасында өзгөрүүлөр болду. Трамптын саясий каршылаштары болсо дүйнөлүк резервдик валюта болгон доллардын пайдубалын бузуу үчүн көп иштерди жасашты»,-деди.

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аракеттерине да баа берген Владимир Путин: «АКШ Жакынкы Чыгыш аймагында активдүү жана абдан агрессивдүү иш кылып жатат. Бул да аймактагы каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн реакциясына себеп болууда. Экономикалык, логистикалык багыттар зыян тартууда. Көптөгөн жүк ташуучулар Африканы айланып кемелерин жөнөтө башташты»,- деди.

Батыш өлкөлөрү менен карым-катнаштардын жакшыраарына үмүттөнгөнүн билдирген Путин, «мунун боло турчу процесс» экенине басым жасады.



Тектеш кабарлар