Израилдин кол салууларында 44 миң 580 киши каза болду

Газадагы Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесинде 426 күндөн бери жасап жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2217436
Израилдин кол салууларында 44 миң  580 киши каза болду

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 580ге жетти.

Газадагы Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесинде 426 күндөн бери жасап жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында жүргүзгөн «5 кыргынында» дагы 48 кишинин каза болгону, 201 кишинин жараланганы белгиленди.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 44 миң 580ге, жаралуулардын саны 105 миң 739га жеткени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде азыр да каза болгондордун бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы да кайталанды.



Тектеш кабарлар