Испанияда жакырчылык көрсөткүчү
Изилдөөдө Испан калкынын 45 пайызы гана толук интеграцияланганы, жакырчылыктын чегинде же андан төмөн жашагандардын көрсөткүчү болсо 2018-жылга салыштырмалуу 8 пайызга өскөндүгү билдирилди.
Испанияда 4,3 миллион адамдын жакырчылыктын чегинен төмөн жашаганы аныкталды.
Caritas Foessa Фонду тарабынан интеграция жана социалдык муктаждыктар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөдө Испанияда 9,4 миллион кишинин өлкө боюнча жакырчылыктын босогосунда экени, алардын 4,3 миллионунун жакырчылык чегинен төмөн жашаганы белгиленди.
Изилдөөдө Испан калкынын 45 пайызы гана толук интеграцияланганы, жакырчылыктын чегинде же андан төмөн жашагандардын көрсөткүчү болсо 2018-жылга салыштырмалуу 8 пайызга өскөндүгү билдирилди.
Маалыматка ылайык, социалдык теңсиздиктин негизги факторлорунун бири турак жай маселеси болуп чыкты.
Изилдөө 2018-жылга салыштырмалуу 4 баллга өсүү менен учурда өлкөдө ар төрт үй-бүлөдөн биринин акыркы жылдарда бир топ жогорулаган ижара жана сатылган үй баасына байланыштуу турак жай көйгөйүнөн жабыркап жатканын аныктады.
Турак жай рыногу көптөгөн үй-бүлөлөрдүн башка негизги муктаждыктарын канааттандырууда олуттуу жеңилдиктерге барууга мажбурлаганы, үй-бүлөлөрдүн жалпы кирешесинен турак жай чыгашаларын алып салганда калктын 14 пайызы (6,8 миллион адам) жакырчылыктын чегинен төмөн жашаганы айтылды.
Бул көрсөткүч баш калаа Мадрид жана Барселона сыяктуу ири шаарларда 50 пайызга өстү.