Жо Байден Анголада
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Анголага сапарынын алкагында кечээ борбор шаар Луанага барды.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден жер которгон африкалыктарга 1 миллиард долларлык гуманитардык жардам берерин билдирди.
Жо Байден буга чейин кечеңдетилген Анголага сапарынын алкагында кечээ борбор шаар Луанага барды.
Луандадагы кулчулук музейин зыярат кылгандан кийин билдирүү жасаган Байден, президенттик кызматында Африка континенти менен орток идеалдарга жетүүнү көздөгөн күчтүү өнөктөштүк түзүүнү максат кылганын айтты.
Байден сөзүндө «тарыхый кургакчылыктан улам жер которгон африкалыктар үчүн» 1 миллиард доллардан ашык гуманитардык жардам көрсөтө тургандарын жарыялады.
Байден африкалык лидерлердин өз өлкөлөрүнө жардамдан да көбүрөөк инвестиция күткөндүгүн жана АКШнын да бул максатта Африка өлкөлөрү менен карым-катнаштарын кеңейтип жатканын белгиледи.
Анголанын президенти Жоао Лоуренкону аймактагы кагылышуулардын токтотулушунда ортомчулук кылууга чакырган Байден Россиянын Украинадагы согушуна каршылык көрсөткөнү үчүн Лоуренкого ыраазычылык билдирди.
Үч күндүк сапар менен Анголада болгон Байден бул өлкөгө келген АКШнын биринчи президенти болду.
Тектеш кабарлар
![Кэтрин Рассел балдардын "экстремалдуу аба кубулуштарына карата коргоочусуз» экендигин айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/c7cb/cf1e/2018/649e95f9c2a9b.jpg?time=1737829774)
Кэтрин Рассел балдардын "экстремалдуу аба кубулуштарына карата коргоочусуз» экендигин айтты
Аба ырайынын өзгөрүшү өткөн жылы 85 өлкөдө 242 миллион баланын билим алуусун үзгүлтүккө учуратты.