Сирия Улуттук Армиясынын 6 аскери каза болду

Жикчил террордук уюм СУА аскерлери тарабынан "Эркиндик таңы" операциясынын негизинде террордон тазаланган Дейр Хафырга эрте менен кирүүгө аракет кылды.

2216832
Сирия Улуттук Армиясынын  6 аскери каза болду

Сириянын Дейр Хафыр аймагында Сирия Улуттук Армиясынын (СУА) 6 аскери, ПКК/ЙПГ террордук уюмунун кол салуусунда каза болду.

Жикчил террордук уюм СУА аскерлери тарабынан "Эркиндик таңы" операциясынын негизинде террордон тазаланган Дейр Хафырга эрте менен кирүүгө аракет кылды. 

Катуу кагылышуудан кийин жикчил террордук уюм СУА позицияларына кол салды.

СУАнын 6 аскери каза болгон кол салуудан кийин террористтер Манбиж линиясына чегинди.

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Халеп облусунда оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Жераблус районуна ракета менен кол салуусунун натыйжасында 2 киши каза болуп, 8 киши жараланды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Евфрат дарыясынын чыгышындагы Зор Магар аймагын басып алган ПКК/ЙПГ террористтери Жераблусту ракета менен бутага алды. 

Кол салууда  2 киши каза болуп, 8 киши жараланды.

Сириянын түндүгүндөгү Халеп облусунун батыш элетинде 27 -  ноябрда Асад режиминин күчтөрү менн режиге каршы куралдуу топтордун арасында кагылышуу башталган.

 



Тектеш кабарлар