Пентагондун билдирүүсү
Пентагондун басма сөз катчысы Пэт Райдер күнүмдүк пресс-конференцияда Сириянын Халеп шаары жана айланасындагы окуяларга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) Сириянын түндүгүндөгү окуялар боюнча Түркия менен байланышта экенин билдирди.
Пентагондун басма сөз катчысы генерал-майор Пэт Райдер күнүмдүк пресс-конференцияда Сириянын Халеп шаары жана айланасындагы окуяларга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Сирияда колдогон жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга байланышы бар Сирия демократиялык күчтөрү (СДК) менен кызматташтыгынын ДЕАШка каршы күрөшүүнүн алкагында гана болгонун айткан Пэт Райдер, АКШ аба күчтөрүнө таандык учактардын Сирия режимине таандык кээ бир буталарды аткылаганы тууралуу кабарды тастыктады.
Райдер режим күчтөрүнө таандык бир Т-64 танкы жана ракета батареяларынын таасирсиз абалга келтирилгенин, бул кол салуулардын СДКга колдоо көрсөтүү эмес, аймактагы америкалык аскерлерди коргоо максатын көздөгөнүн белгиледи.
Халепти алган оппозициячыл топтор жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ менен беттешсе АКШнын кандай мамиле кылары жөнүндөгү суроого Райдер: "Биз ДЕАШка каршы күрөшүбүздө СДК күчтөрүн колдодук. Сирияда бар болушубуз ДЕАШ менен күрөшүү жана бул багыт өзгөрбөйт»,-деп жооп берди.
АКШнын басма сөз катчысы: «Биз Сириянын түндүк-батышындагы окуяларга көз салып, ачык байланыш линияларын камсыз кылуу үчүн аймактагы өнөктөштөр менен, анын ичинде Түркия менен байланыштабыз», - деди.