НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу
Эки күндүк жыйында Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылууда.
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Украинага колдоо жана Жакынкы Чыгыштагы окуяларды талкуулоо үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге чогулду.
Эки күндүк жыйында Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылууда.
Жыйында Хакан Фидандын Сириядагы террордук элементтер себеп болгон туруксуздугуна басым жасап, Түркиянын Сириядагы абалдарга өлкөнүн жеринин бүтүндүгүн жана биримдигин сактоо жана террор менен күрөшүү көз карашы менен караганын айтуусу күтүлүүдө.
Фидандын Израилдин согуш кылмыштары жана Газадагы гуманитардык трагедияга да көңүл бура турганы белгиленди.
Иорданиянын королу II Абдуллахтын катышуусу менен биринчи күнү боло турган жыйындын биринчи отурумунда Жакынкы Чыгыштагы кризис жана НАТО менен Иорданиянын ортосундагы кызматташтык талкууланат.
НАТО-Украина Кеңеши форматындагы жыйынга Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбиха жана Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас да катышат.
Жыйындын жүрүшүндө Орусия-Украина согушундагы акыркы кырдаал талкууланат. Украинадагы согуштун үчүнчү кышка кириши менен Киев башкаруусуна ок-дары колдоонун көбөйүшү, европалык союздаштар тарабынан берилген узак аралыкка атуучу куралдардын Орусиянын ичиндеги буталарга каршы колдонулушу жана Түндүк Кореянын согушка катыштыгы бар деген дооматтар талкууланат.
Күн тартибинде союздаштардын коргонуу чыгымдарын 2 пайыздык максаттын үстүнө чыгаруу, гибриддик жана кибер чабуулдар менен күрөшүү, Орусиянын күчөгөн өзөктүк айтымдарына каршы көрүлө турган чаралар сыяктуу маселелер да орун алат.
Бир тараптан жыйналышта Украинанын күтүүсү болгон «НАТОго мүчөлүккө чакыруу» темасында чечим чыгарылышы күтүлбөйт.