Израилдин Ливанга кол салууларында каза болгондор...
Ливандын саламаттыкты сактоо министри Фирас эл-Эбяд Израилдин өлкөсүнө кол салууларынын натыйжаларына байланыштуу борбор шаар Бейруттагы министрлик кеңсесинде маалымат жыйын өткөрдү.
Израилдин 2023-жылдын 8-октябрынан бери Ливанга кол салууларынын натыйжасында 4047 киши каза болду.
Ливандын саламаттыкты сактоо министри Фирас эл-Эбяд Израилдин өлкөсүнө кол салууларынын натыйжаларына байланыштуу борбор шаар Бейруттагы министрлик кеңсесинде маалымат жыйын өткөрдү.
Саламаттыкты сактоо министри Эбяд : «Израилдин кол салууларында ушул убакка чейин 4 миң 47 киши каза болуп, 16 миң 638 киши жараланды»,- деди.
Ливанда болжол менен 1 жылдык мезгилде 645 кишинин каза болгонун, 1983 кишинин жараланганын белгилеген Эбяд, 15-сентябрдан кийин Израилдин кол салуусунан 3402 кишинин каза болгонун, 14655 кишинин жараланганын айтты.
Израилдин кол салууларында каза болгондордун 316сынын балдар, 790унун аял экенин бөлүшкөн Эбяд, кол салуулардан 1456 бала жана 3357 аял жаралуу түрдө аман калганын белгиледи.
Израилдин Ливандагы саламаттык сактоо тармагына кол салууларына токтолгон Эбяд : «Израиль ачык түрдө саламаттыкты сактоо тармагын бутага алды»,-деди.
Эбяд 67 оорукананын Израилдин кол салууларында бутага алынышынын натыйжасында 16 кишинин шейит болгонун, 73 кишинин жараланганын айтты.
Бирикмелерге кирген саламаттыкты сактоо мекемелеринин 280 кол салууга дуушар болгонун белгилеген Эбяд, бул кол салууларда 206 кишинин каза болгонун, 257 кишинин жараланганын белгиледи.
Ливан менен Израилдин ортосунда жетишилген ок атышпоо келишими 27-ноябрь шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:00дө күчүнө кирген.
Тектеш кабарлар
Россия : "Харьков облусунда Западное конушун колго алдык"
Россиянын коргоо министрлиги кечээ Донецк аймагындагы Волково конушун басып алганын жарыялаган.