Израиль Голан дөңсөөлөрүндө атайын бөлүк түздү
Израиль армиясы X баракчасындагы билдирүүсүндө, Фара деп аталган бөлүктүн Голан дөңсөөлөрүндөгү «операциялык кийлигишүүнү жакшыртуунун алкагында» түзүлгөнүн маалымдады.
Израиль армиясы Сириянын басып алынган Голан дөңсөөлөрүндө кызмат өтөй турган атайын бөлүк түзгөнүн жарыялады.
Израиль армиясы X баракчасындагы билдирүүсүндө, Фара деп аталган бөлүктүн Голан дөңсөөлөрүндөгү «операциялык кийлигишүүнү жакшыртуунун алкагында» түзүлгөнүн маалымдады.
Фара бөлүгүнүн атайын кошумча бөлүктөр менен аймакта жашаган жөөт отурукташкандардан турганы жана аймактын ичинде күчтөрдү мобилизациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турганы айтылды.
Израиль Сириядагы акыркы абалдардан кийин оппозициянын режимге таандык куралдарды тартып алып, Израилге каршы колдонушу мүмкүн деп тынчсызданууда.
Сириянын түштүк-батышындагы стратегиялык маанидеги Голан дөңсөөлөрү 1967-жылкы араб-израиль согушу учурунда Израиль тарабынан оккупацияланган. Андан соң 1981-жылы аймакты өлкөгө кошуп алганын жарыялаган Израилдин бул кадамы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган эмес.
Сириянын түндүгүндөгү Халеп облусунун батыш жергесинде 27-ноябрда режим күчтөрү менен режимге каршы куралдуу топтордун ортосунда башталган кагылышуулар уланууда.
Тектеш кабарлар
Кэтрин Рассел балдардын "экстремалдуу аба кубулуштарына карата коргоочусуз» экендигин айтты
Аба ырайынын өзгөрүшү өткөн жылы 85 өлкөдө 242 миллион баланын билим алуусун үзгүлтүккө учуратты.