Израиль Газага жасаган кол салуусунда 25 палестиналык каза болду

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр ал-Балах шаарындагы Бурейж качкындар лагеринен көчүрүлгөн палестиналыктар баш калкалаган Бириккен Улуттар Уюмунун  мектебин бутага алды.

2216921
Израиль Газага жасаган кол салуусунда  25 палестиналык каза болду

Израилдин Газанын ар кайсы жерлерин бутага алган кол салууларында 25 палестиналык каза болду алардын ичинен төртөөсү бала.

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр ал-Балах шаарындагы Бурейж качкындар лагеринен көчүрүлгөн палестиналыктар баш калкалаган Бириккен Улуттар Уюмунун  мектебин бутага алды.

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттигине (UNRWA) караштуу Абу Хемис мектебин Израиль армиясынын бутага алышы менен 3 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Израилдин кол салуусунан улам мектепте өрт чыгып, палестиналык үй-бүлө турган 15 чатыр өрттөндү.

Газанын түштүгүндөгү Рефах шаарында медициналык топтор кечээ Израиль армиясынын шаардын чыгышында палестиналыктарды бутага алышынын натыйжасында каза болгон 9 палестиналыктын сөөгүн тапты.

Жарандык коргонуу директорлугунун билдирүүсүндө Израиль армиясынын Газа шаарында бир үйдү бутага алышынын натыйжасында 3 палестиналыктын каза болгондугу жана көп сандаган кишинин жаралангандыгы маалымдалды.

Израиль армиясынын Нусайрат баш калкалоочулар лагеринде жарандарга куралдуу учкучсуз учуучу аппараты менен ок атуусунун натыйжасында  5 палестиналык алардын ичинен төрт бала  каза болду.

Күбөлөр Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндө этникалык тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын билдиришип, түндүктөгү Бейт Лахияда бир үйгө жасалган абадан кол салууда бир үй - бүлөдөн 5 кишинин каза болгонун айтышты.



Тектеш кабарлар