Гвинеяда футбол матчында чыккан окуяларда каза болгондордун саны 135ке жетти

Премьер - министр Амаду Бах Оури окуянын жооптууларды аныктоо үчүн териштирүүнүн башталганын билдирди.

2216929
Гвинеяда футбол матчында чыккан окуяларда  каза болгондордун саны  135ке жетти

Батыш Африка өлкөсү Гвинеяда футбол матчында күйөрмандардын арасында чыккан окуяларда каза болгондордун саны 135ке жетти.

Укук коргоо уюмдары тарабынан жасалган билдирүүдө коопсуздук күчтөрүнүн кагылышууга кийлигишүүсү учурунда  көздөн жаш агызуучу газды көп колдонгону жана көрүүчүлөрдү эмес, жетекчилердин коргоого алынышын биринчи орунга койгону белгиленди.

Жекшемби күнү Гвинеянын убактылуу президенти Мамади Думбуянын урматына өткөрүлгөн жергиликтүү турнирде  калыстын талаштуу пенальти чечиминен кийин күйөрмандардын арасында чыр  - чатак чыкты.

Жүздөгөн киши  аянтка  түшкөн окуяларга полиция көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Премьер - министр Амаду Бах Оури окуянын жооптууларды аныктоо үчүн териштирүүнүн башталганын билдирди.

Расмий билдирүүдө тыгындын кесепетинен 56 адам, анын ичинде балдардын да каза болгондугу билдирилген.



Тектеш кабарлар