Дания эми чет элдик желектерге чектөө киргизеби?
The Local гезитинин маалыматына караганда юстиция министри Питер Хуммелгаард жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө сөз болгон мыйзамдын парламентте кабыл алынганын жарыялады.

Даниянын парламенти 2025-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө чет мамлекеттердин желектеринин желбирешин чектеген жаңы мыйзамды кабыл алды.
The Local гезитинин маалыматына караганда юстиция министри Питер Хуммелгаард жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө сөз болгон мыйзамдын парламентте кабыл алынганын жарыялады.
Хуммельгаард: «Мен парламент Данияда желектердин илинүү эрежелерин, эреже катары улуттук желек гана желбирей тургандай кылып кайра карап чыкканына кубанычтамын»,-деди.
Дания желегинин өлкөнүн эң маанилүү улуттук символу экенин баса белгилеген Хуммельгаард : «Желек даниялыктарды эл катары бириктирет жана өзгөчө статуска ээ болушу керек»,-деп өз баасын берди.
Бул мыйзамдык жөнгө салууда, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Европа Биримдиги (ЕБ) сыяктуу аймактык же эл аралык уюмдар менен катар Финляндия, Фарер аралдары, Гренландия, Исландия, Норвегия, Швеция жана Германиянын желектери чектөөнүн тышында калтырылды.