Жөөт жаштарынын 32 пайызынын Хамаска симпатиясы бар

Америка Кошмо Штаттарында  жашаган жөөт жаштарынын 32 пайызынын Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы ХАМАСка симпатиясынын  бар экени аныкталды.

2216500
Жөөт жаштарынын 32 пайызынын Хамаска симпатиясы бар

Америка Кошмо Штаттарында  жашаган жөөт жаштарынын 32 пайызынын Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы ХАМАСка симпатиясынын  бар экени аныкталды.

"Мозаика Юнайтед" уюмунун Израиль диаспора жана антисемитизм менен күрөшүү министрлиги үчүн  жүргүзүлгөн сурамжылоо Израиль маалымат каражаттарында жарыяланды.

Буга ылайык Израиль тышында жашаган жөөт жаштарынын 36 пайызы Израиль армиясынын Газада геноцид кылганына ишенгендерин, 32 пайызынын да Хамаска симпатиясынын бар экендигин  билдирди.

Сурамжылоо Газадагы согуш жана Хамас тууралуу темаларда Америка Кошмо Штаттарында жана башка өлкөлөрдө жашаган жөөт жаштары арасында  пикир келишпестиктеринин бар экенин көрсөттү.

АКШда жашаган жөөт жаштарынын 37 пайызынын Хамаска симпатиясынын бар экендиги белгиленген сурамжылоодо  бул көрсөткүч башка өлкөлөрдө жашаган жөөт жаштарында 7 пайыз экенине орун берилди.

Сурамжылоого ылайык, АКШдагы жөөт жаштарынын 42 пайызы Израилдин Газада геноцид кылгандыгын айтышса, башка өлкөлөрдөгү жөөт жаштарынын 9 пайызы муну кабыл алды.

6 миллиард  3 миллиону АКШда болуп  Израилдин тышында  болжол менен 8 жарым миллион жөөттүн жашаганы белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар