Түштүк Кореяга барган вьетнамдык туристтерден кабар алына албай жатат

Түштүк Кореянын түштүгүндөгү Чеджу аралынабарган вьетнамдык туристтик топтун курамындагы 38 кишиден өткөн айдан бери кабар ала электиги билдирилди.

2216633
Түштүк Кореяга барган  вьетнамдык  туристтерден кабар алына албай жатат

Түштүк Кореянын түштүгүндөгү Чеджу аралына барган вьетнамдык туристтик топтун курамындагы 38 кишиден өткөн айдан бери кабар ала электиги билдирилди.

Йонхаптын кабарына караганда, Чеджу туризм кампаниясынан темага байланыштуу билдирүү жасалды.

Билдирүүдө 14-ноябрда Вьетнамдын Нха Транг шаарынан Чеджу аралына барган 90 кишилик туристтик топтун ичинен 38 кишинин 17-ноябрда кайткан рейсине түшпөгөнү жарыяланды.

Дайынсыз болгон вьетнамдык туристтердин кайда экенин аныктоо үчүн башталган иликтөөнүн уланып жаткандыгы билдирилди.

Чеджу аралына барган туристтер бул жерде 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Вьетнамдык туристтердин аралда визасыз жүрө ала турган мыйзамдуу мөөнөтү 14-декабрда аяктайт.



Тектеш кабарлар