Трамп Жакынкы Чышгышты коркутту
Америка Кошмо Штаттарынын шайланган президенти Дональд Трамп : "Газадагы барымталар (израилдик) 20-январга чейин бошотулушу керек. Болбосо Жакынкы Чыгыш тозокко айланат", - деди.
Америка Кошмо Штаттарынын шайланган президенти Дональд Трамп : "Газадагы барымталар (израилдик) 20-январга чейин бошотулушу керек. Болбосо Жакынкы Чыгыш тозокко айланат", - деди.
Израилге шартсыз колдоо көрсөтүүсү менен таанылган Дональд Трамп Хамас тарабынан барымтадагы израилдиктерге байланыштуу көңүлдөрдү бурган билдирүү жасады.
Социалдык медиа аркылуу билдирүүлөрдү жасаган Трамп, барымтадагылар бошотулбаса, мурда болуп көрбөгөндөй кол салуу болорун жана Жакынкы Чыгышты тозокко айландыруу менен коркутту.
Трамп, Truth Social аттуу социалдык медиа тиркемесинде жасаган билдирүүсүндө : "Баары адамгерчиликсиз түрдө барымтага алынган израилдиктерден сөз кылып жатышат. Баары айтып жатат, бирок эч ким чара көрбөй жатат. Силерге чындыкты айтайын эгер барымталар 2025-жылдын 20-январына чейин бошотулбаса Жакынкы Чыгыш тозокко айланат. Мунун жазасын Жакынкы Чыгыштагы баары тартат, өзгөчө да бул кылмышты кылгандар. Бул иштин жооптууларына Америка тарыхында болбогон катуу сокку урулат. Барымтадагыларды дароо бошоткула!",- деди.
АКШнын учурдагы президенти Жо Байден өткөн аптада Израиль менен Хизбуллахтын ортосунда ок атышпоо келишимин жарыялап, Газада ок атышпоонун түзүлүшү жана туткундардын бошотулушу үчүн жаңы бир демилге көтөрүшкөнүн жарыялаган.
2023-жылдын 7-октябрынан кийин башталган процессте Израиль Газада 100гө жакын жаранынын туткунда экендигин айтууда.
Израилдин Газада 14 айдан бери уланып жаткан кол салууларынын натыйжасында көбү балдар жана аялдардан турган 45 миңге жакын палестиналык каза болуп, 100 миңден ашууну жараланды.