Грузияда митингге чыккандар таркай баштады
Грузиянын борбору Тбилисиде митингчилер полициянын кайра кайрадан көздөн жаш агызуучу газ колдонуусу менен тарай баштаты.
Грузиянын борбору Тбилисиде митингчилер полициянын кайра кайрадан көздөн жаш агызуучу газ колдонуусу менен тарай баштаты.
28-ноябрда Грузиянын Европа Биримдигине ирүү сүйлөшүүлөрүн токтотуу боюнча өкмөттүн чечимине каршы башталган митингдердин алкагында кечээ кечинде борбор шаар Тбилисиде кайрадан чогулган миңдеген киши менен полициянын ортосунда бир нече жолу тирешүү болду.
Парламент имаратынын алдын курчоого аракет кылган митингчилер коопсуздук чараларын көргөн полицияга фейерверк жана таштарды ыргытуусу менен полиция көздөн жаш агызуучу газ жана басымдуу суу менен кийлигишти.
Андан кийин митингчилер Шота Руставели көчөсүнө, парламент имаратына жакын жерде тосмолорду куруп, полицияга боек, таш, айнек бөтөлкө сыяктуу түрдүү буюмдарды ыргытышты.
Митингчилердин кол салууларына полиция топтору да көздөн жаш агызуучу газ менен жооп берди.
Бир нече киши кармалган нааразычылык акциясы таңга чейин уланды.
Шота Руставели көчөсүндөгү митингчилер жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00 чамасында тарай баштап, жүздөгөн митингчи Илия Чавчавадзе көчөсүн көздөй жөнөштү.
Бир группа митингчи болсо Тбилиси Иване Жавахишвили атындагы мамлекеттик университеттин алдында күтүүнү улантууда.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили X эсебинде жасаган билдирүүсүндө парламенттин алдындагы митингчилерге каршы полициянын кийлигишүүсүнө жооп кайтарды.
Тынчтык митингине полициянын кийлигишкенин белгилеген Зурабишвили :"Бул сөз эркиндигине жана нааразылык билдирүү укугуна кол салуу болуп саналат», - деди.
Грузиянын ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө митингдеги кээ бир топтордун зомбулук аракеттерине барганы белгиленди.