Гинеде 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Гвинеянын түштүк-чыгышында стадиондо болгон тыгында каза болгон 56 киши үчүн 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

2216504
Гинеде  3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Гвинеянын түштүк-чыгышында стадиондо болгон тыгында каза болгон 56 киши үчүн 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, Конакриге болжол менен 850 километр алыстыкта ​​жайгашкан Н'Зерекор шаарында өткөрүлгөн Генерал Мамади Думбуя атындагы  стадиондо болгон футбол мелдешинде тыгында каза болгон 56 киши үчүн  3 күндүк аза күтүүнүн жарыяланганы белгиленди.

Премьер - министр Бах Оури жетектеген делегация да текшерүү жүргүзүү үчүн Н'Зерекор шаарына барды.

Жекшемби күнү Н'Зерекор жана Лабе командаларынын ортосундагы беттеште калыс үй ээлерине пенальти бергенде стадиондо окуя чыкты.

Калыска кол салган Лабе күйөрмандарын токтотуу үчүн полиция  көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, талаптар да полицияга таштар менен жооп кайтарышкан.

Тыгында  араларында балдар да болгон 56 адам каза болуп, жүздөгөн киши жараланган.

 

 

 



Тектеш кабарлар