Олаф Шольц Украинада

Олаф Шольц социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө Киевге баргандагы фотосүрөтүн бөлүштү.

2215947
Олаф Шольц Украинада

Германиянын канцлери Олаф Шольц сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Украинанын борбор шаары Киевге барды.

Олаф Шольц социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө Киевге баргандагы фотосүрөтүн бөлүштү.

Билдирүүсүнө поездден чемоданы менен түшкөн фотосүрөтүн кошкон Шольц: «Украина бизге ишене алат. Биз эмне кыла турганыбызды айтабыз, айтканыбызды да жасайбыз. Муну дагы бир жолу ачык айтуу үчүн бүгүн кечинде Киевге жол тарттым. Орусиянын баскынчылык согушуна каршы 1000 күндөн ашык убакыттан бери өзүн коргоп келген өлкөдөн поезд менен өттүм»,- деди.

Германиянын Украинанын Европадагы эң күчтүү колдоочусу бойдон кала берерин баса белгилеген Шольц, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда декабрда аларга 650 миллион евролук жаңы коргонуу шаймандарынын жеткирилерин жарыялай турганын айтты.



Тектеш кабарлар