Израилдин Газага кол салуулары

Кол салууларда 31 палестиналык каза болду.

2215976
Израилдин Газага кол салуулары

Израиль армиясы Газа тилкесиндеги чабуулдарын улантып жатканда 31 палестиналык каза болду.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт Лахияда кечээ бир үйдү бутага алган абадан кол салуусунда каза болгондордун саны 25ке жетти.

Оорукана булактарынан алынган маалыматка караганда, Израиль армиясы Газанын борбордук бөлүгүндөгү Мусаддар айылына да куралдуу кол салуу жасады. Атылган октун натыйжасында бир палестиналык каза тапты.

Израиль армиясы ошондой эле Жебалияда карапайым элге тиешелүү бир нече имаратты бомбалады.

Израилдин Газа тилкесинин түндүгүндөгү Газа шаарында жарандарды бутага алган кол салуусунда болсо 5 кишинин каза болгону, 4 кишинин жараланганы билдирилди.



Тектеш кабарлар