Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдиги чакырык салды
Биримдиктин Катардын борбору Дохадагы башкы кеңсесинде дем алыш күндөрү өткөрүлгөн Камкорчулар кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.
Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдиги Газа, Ливан жана Суданга колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Биримдиктин Катардын борбору Дохадагы башкы кеңсесинде дем алыш күндөрү өткөрүлгөн Камкорчулар кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.
Билдирүүдө элдер ортосундагы жалпы баалуулуктардын сакталышы керектиги айтылды.
Ливан элине жана Ливанды калыбына келтирүү процессине, бир жылдан ашуун убакыттан бери Израилдин геноцидине дуушар болгон Газага жана жарандык согуш уланып жаткан Судандагы мыйзамдуу өкмөткө колдоо көрсөтүү чакырыгы салынды.
Билдирүүдө Израилдин Газа жана Палестинага кол салуулары «кылымдын кылмышы» деп сыпатталып, Газада Израиль тарабынан колдонулган, эл аралык мыйзамдарга каршы келген куралдарды аныктоо үчүн эл аралык иликтөө комиссиясынын түзүлүүсү талап кылынды.