Израилдин президенти: «Газада келишим түзүүгө убакыт келди»
The Times of Israel гезитинин жазганына караганда, Израилдин президенти Герцог Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жарандыгын алган жана сүрөттөрүн Хамас жарыялаган израилдик туткун Идан Александрдын үй-бүлөсү менен жолугушту.
Израилдин президенти Исаак Герцог Газада ок атышууну токтотууну макулдашып, израилдик туткундарды үйлөрүнө алып келүүгө убакыт келгенин билдирди.
The Times of Israel гезитинин жазганына караганда, Израилдин президенти Герцог Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жарандыгын алган жана сүрөттөрүн Хамас жарыялаган израилдик туткун Идан Александрдын үй-бүлөсү менен жолугушту.
Президент Херцог туткундарды алмаштыруу жана ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөр «көшөгө артында» жүрүп жатканын айтты.
Герцог: «Ливан менен түндүк чек ара боюнча макулдашуудан кийин (Газада) келишимди аягына чыгарууга жана туткундарды үйлөрүнө алып келүүгө убакыт келди»,-деди.
Мындан тышкары, Герцог, израилдик туткун Идандын үй-бүлөсү менен жолугушууда, «эми камактагыларды бошотуп бере турган келишимге алып келе турган маанилүү өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар» деп билдирди.
«Израиль Хайом» гезити уюштурган коопсуздук конференциясында сөз сүйлөгөн Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар: «Учурда кененирээк маалымат бере албасам да, туткундарды алмашуу келишимине карай кадам таштаганынын белгилери бар»,-деди.
Саар Израилдин өкмөтүндө туткундарды алмашуу жана ок атышууну токтотуу келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендигин сунуш кылды.