Грузиядагы демонстрациялар...

28-ноябрда башталган нааразылык акциясын уланткан демонстранттар кечээ кечинде баш калаа Тбилисидеги парламент имаратынын алдына чогулуп, өкмөткө каршы ураандарды чакырып жатышты.

2215634
Грузиядагы демонстрациялар...
gurcistan protesto1.jpg
gurcistan protesto.jpg

Грузияда полиция Европа Биримдигине (ЕБ) кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн 2028-жылга чейин токтотулушуна каршы уланып жаткан демонстрацияларда активисттерге кийлигишти.

28-ноябрда башталган нааразылык акциясын уланткан демонстранттар кечээ кечинде баш калаа Тбилисидеги парламент имаратынын алдына чогулуп, өкмөткө каршы ураандарды чакырып жатышты.

Демонстранттар парламент имаратынын эшигин зордоп киргенде, полиция менен активисттердин ортосунда жаңжал чыкты.

Полиция көздөн жаш агызуучу газ, калемпир жана басымдуу суу менен кийлигишсе, демонстранттар полицияга ар кандай буюмдарды ыргытуу менен жооп беришти.

Демонстранттар тарабынан тосулган көчө полициянын кийлигишүүсүнүн натыйжасында ачылды.

Демонстрацияда бир нече киши камалды.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өзүнүн X эсебиндеги билдирүүсүндө Тбилисиде башталган демонстранттарга полициянын кийлигишүүсүнө жооп кайтарды.

Грузия элинин өлкөнүн Евробиримдик менен интеграциясын колдоо үчүн көчөгө чыкканын белгилеген Зурабишвили: «(Полициянын кийлигишүүсү) Орус проксилери Тбилисинин көчөлөрүндө атайылап жана мыкаачылык менен талкалаган бул Европа жана Европа идеалы. Ойгонгула Европа!»,-деди.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе да маалымат жыйынында анын өлкөсүнүн Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуу чечими Евробиримдик менен интеграциялык процессти токтотууну билдирбейт деп жүйө келтирди.

Тбилисиде парламенттин алдына чогулган демонстранттардын күч колдонуу ыкмаларын колдонгонун жана 50дөн ашуун полиция кызматкеринин жаракат алганын белгилеген Кобахидзе полицияны демонстранттарга күч колдонуудан алыс болууга чакырды.

Грузиянын Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Тбилисиде уланып жаткан нааразылык акцияларында 107 киши кармалганы кабарланды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, нааразылык акциясынын жүрүшүндө айрым журналисттер жана демонстранттар жаракат алышкан.



Тектеш кабарлар