Эракчи менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашты

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эки министрдин «Сириядагы абалдын чечилиши үчүн үч Астана процессинин кепили болгон Түркия, Иран жана Орусиянын ортосунда координация камсыз кылынышы керектигин айткан.

2215672
Эракчи менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашты

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Эракчи менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, эки министр телефон аркылуу сүйлөшүүдө «Сириядагы абалдын чечилиши үчүн үч Астана процессинин кепили болгон Түркия, Иран жана Орусиянын ортосунда координация камсыз кылынышы керектигин» айткан.

«Эракчи менен Лавров Сириянын улуттук эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана террордук уюмдар менен күрөшүүнү чечкиндүү түрдө колдой тургандыктарын билдиришти» деген сөзөр камтылган билдирүүдө, Орус министри Лавровдун да Сирия темасында «бардык тараптардын координациясынын жана тыгыз кеңешмелердин улантылышынын маанилүүлүгүнө» басым жасаганы белгиленди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, эки министрдин жолугушуусунда «Сириянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдоо» ырасталды.

Министрлер Сириядагы кырдаалды турукташтырууга багытталган биргелешкен күч-аракеттерди активдештирүү жана кырдаалды тез арада Астана форматынын алкагында комплекстүү түрдө чечүү зарылчылыгы боюнча макулдашты.



Тектеш кабарлар