Сириядан 15 миңден ашуун ливандык үйүнө кайтты
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Сирия өкүлү Гонсало Варгас Ллоса Сирия менен Ливандын ортосундагы чек арага барганын билдирди.
2215478
Израиль менен Ливандын ортосунда ок атышпоо келишимине жетишилгенден кийин, 15 миңден ашуун ливандык Сириядан үйлөрүнө кайтышты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Сирия өкүлү Гонсало Варгас Ллоса Сирия менен Ливандын ортосундагы чек арага барганын билдирди.
Ллоса ок атышпоо келишими 27-ноябрда күчүнө киргенге чейин миңдеген ливандык жана сириялыктын Ливандагы бомбалоодон качып, Сирияга өткөнүн эске салды.
Ок атышпоо башталгандан 48 саат өткөндөн кийин 15 миңден ашуун ливандыктын үйлөрүнө кайтканын көрдүк», - деди ал.
Ллоса бул адамдардын жашоосун тынчтыкта калыбына келтирүүнү кааларын баса белгилеп, БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын өнөктөштөрү менен бирге жардам берүү үчүн чек арада болоорун белгиледи.