Израиль Газада геноцидин улантууда

Израилдин Газанын түндүгүндөгү Жибалия качкындар лагери жана Бейт Лахиядагы кыргындарында бир күндө 100гө жакын палестиналык каза болуп, жүздөгөн киши жараланды.

2215477
Израиль Газада геноцидин улантууда

Геноцидчи Израиль Газа тилкесинде кыргынын улантууда.

Израилдин Газанын түндүгүндөгү Жебалия качкындар лагери жана Бейт Лахиядагы кыргындарында бир күндө 100гө жакын палестиналык каза болуп, жүздөгөн киши жараланды.

Канкор Израиль аскерлери Газанын түндүгүндөгү Шейх Рыдван районунда бир үйдү бутага алды.Кол салууда 8 палестиналык каза болду.

Израиль аскерлеринин Газа шаарынын борборундагы Римал аймагындагы үйдү бомбалоосунан кеминде 7 киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.

Жарандык коргонуу топтору урандылардын астында калгандарды куткаруу иштерин улантууда.

Израилдин Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында бир унаа менен бир топ палестиналыкты бутага алышынын натыйжасында 2 киши каза болуп, бир топ киши жараланды.



Тектеш кабарлар