Иранда абанын булганышынан адамдар каза болууда

Иранда жыл сайын абанын булганышынан 40 миңге жакын адам каза болууда.

2215546
Иранда абанын булганышынан адамдар каза болууда

Иранда жыл сайын абанын булганышынан 40 миңге жакын адам каза болууда.

Ирандын жарым расмий Tasnim агенттигинин маалыматына караганда, саламаттыкты сактоо министри Мохаммад Реза Заферкенди  катышкан программадан кийин өлкөдөгү абанын булганышы тууралуу маалымат берди.

Заферкенди: «Статистикалык маалыматтарга караганда, абанын булганышынан жыл сайын 40 миңге жакын адам каза болууда»,-деди. Абанын булганышы өлкөгө болжол менен 12 миллиард доллар чыгым алып келди. Бул кырдаал да биз бул маселени чечишибиз керек экенин көрсөтүүдө",- деди.

Иран министри абанын булганышы өзгөчө балдарда астма жана өпкө ооруларына себеп болуп жаткандыгын белгиледи.

Заферкенди сөз болгон  маалыматтардын түздөн - түз же кыйыр түрдө өлүмдөрдү көрсөтүп же көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу   кеңири маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар