Украина Россиянын энергетикалык инфраструктурага кол салгандыгын билдирди
Министр Галущенко социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө энергетикалык инфраструктурасына карата кол салуусунан улам жалпы Украинада электр үзгүлтүгүнүн болгонун жарыялады.
Украинанын энергетика министри Герман Галущенко орус армиясынын жалпы өлкөдөгү энергетикалык инфраструктурага кол салганын билдирди.
Министр Галущенко социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө энергетикалык инфраструктурасына карата кол салуусунан улам жалпы Украинада электр үзгүлтүгүнүн болгонун жарыялады.
Галущенко билдирүүсүндө : "Энергетикалык инфраструктура кайрадан душмандын кол салуусу астында. Украинанын бардык жеринде энергетикалык объектилерге кол салуулар болуп жатат",- деди.
Украинанын электр өткөрүү системасынын оператору Укренергонун өлкөдө чукул түрдө электр жарыгын өчүрүү чечимин кабыл алганын белгилеген Галущенко кол салуулардын жана электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу маалыматтын «коопсуздук абалы уруксат бергенде» тактала турганын белгиледи.
Украина аба күчтөрүнө таандык Телеграм эсебинен берилген маалыматта да орус армиясынын борбор шаар Киев менен бирге өлкөнүн бир нече аймагына ракета аткандыгы билдирилди.
Өлкөгө карата катуу ракеталык кол салуунун уланып жаткандыгы белгиленген билдирүүдө жарандардын баш калкалоочу жерлерде болуусуна чакырык салынды.
Тектеш кабарлар
Кэтрин Рассел балдардын "экстремалдуу аба кубулуштарына карата коргоочусуз» экендигин айтты
Аба ырайынын өзгөрүшү өткөн жылы 85 өлкөдө 242 миллион баланын билим алуусун үзгүлтүккө учуратты.