Пакистанда кагылышуу болуп 102 адам каза болду

Пакистанда бир жумадан бери уланып жаткан уруулар аралык кагылышууларда  каза болгондордун саны 102ге жетти.

2214753
Пакистанда кагылышуу болуп  102 адам каза болду

Пакистанда бир жумадан бери уланып жаткан уруулар аралык кагылышууларда  каза болгондордун саны 102ге жетти.

Өлкөнүн Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору Пешавардан 218 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Куррам аймагында шиит жана суннит урууларынын ортосунда маал-маалы менен кагылышуулар болуп, көптөгөн адамдар каза болууда.

Geo News агенттигинин маалыматына караганда, Афганистан менен чектеш аймакта бир жумадан бери уланып жаткан уруулар аралык кагылышууларда каза болгондордун саны 102ге, жаракат алгандардын саны 138ге жетти.

Аймакта акыркы 7 күндөн бери билим берүү мекемелери жана дүкөндөр ачылбай, уруулар жашаган аймактарды байланыштырган Пешавар-Парачинар жолу да кыймылга жабылды.

21-ноябрда согушкерлер Куррамда шииттерди ташыган жүргүнчү кербенине кол салып, кеминде 42 адамды өлтүрүшкөн.

Кол салуудан кийин аймактагы шиит жана суннит урууларынын ортосунда чыр - чатактар чыккан.

240 миллион калктуу Пакистанда шииттер өлкөнүн болжол менен 15 пайызын түзөт.



Тектеш кабарлар