Орус аскердик учактары Халеп элетине кол салды

Сириянын түндүгүндө Халеп  облусунун батышындагы Дарет Иззе жана Этариб райондоруна орус аскердик  учактарынын кол салуусунда 12 жаран каза болуп, 30га жакын жаран жараланды.

2215002

Оппозицияга таандык учактар ​​обсерваториясынан алынган маалыматка караганда, Латакия провинциясындагы Хмеймим базасынан учкан орус аскердик учактары Дарет Иззе жана Этарибдеги жарандык калктуу конуштарга абадан сокку урду.

Жарандык коргонуу (Ак каскалуулар) булактарынан алынган маалыматка караганда кол салуулардын натыйжасында Дарет Иззеде 4, Этарибде 8 жаран каза болду. Кол салууларда 7 бала болгон кеминде 30 жаран жараланды.

Жабыркагандар тегеректеги ооруканаларга жеткирилди.

Бир тараптан Халеп жана Идлиб провинцияларында Башар Асад режими менен режимге каршы куралдуу Хаят Тахрир Шам (HTS) тобунун ортосунда 2 күндөн бери кагылышуулар болууда.

Кагылышууларда режимге каршы топтор Асад режиминин көзөмөлүндөгү жалпы 39 айылды басып алды.

Тектеш кабарлар