2024 - жыл Бельгияда жаан - чачындуу жыл болду

Дэвид Дехенав  социалдык медиа аккаунтунда 1-январдан бери өлкөдө 1088,8 миллиметр жаандын  жаагандыгын билдирди.

2214613
2024 - жыл  Бельгияда жаан  - чачындуу жыл болду

Бельгияда 2024 - жыл метеорологиялык өлчөөлөр башталган 1833-жылдан бери эң көп жаан-чачын катталган жыл болду.
Королдук метеорология институтунун (RMI) кызматкери Дэвид Дехенав  социалдык медиа аккаунтунда 1-январдан бери өлкөдө 1088,8 миллиметр жаандын  жаагандыгын билдирди.

Ушундайча Дехенав 2024-жылдын метеорологиялык өлчөөлөр башталган 1833-жылдан бери эң жаанчыл жыл болгондугун жана 2001-жылдагы 1088,5 миллиметр жаан-чачын рекордунан ашкандыгын маалымдады.

Королдук метеорология институтунун маалыматына караганда, өлкө бул жылга чейин 189 күн жаан-чачынга дуушар болгон жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу келерки жылы да жаан - чачын артышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар