Израилдин Газа тилкесинин түрдүү аймактарына жасаган кол салуусунда 17 палестиналык каза болду
Саламаттыкты сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда Израиль армиясы палестиналыктар баш калкалаган Газа шаарындагы ал-Табиин мектебин бутага алды.
Израиль армиясынын кечээ Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине жасаган кол салууларында кеминде 17 палестиналык каза болду.
Саламаттыкты сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда Израиль армиясы палестиналыктар баш калкалаган Газа шаарындагы ал-Табиин мектебин бутага алды.
Кол салууда үчөө бала болгон 10 палестиналык каза болуп, көп сандаган палестиналык жараланды.
Израилдик учактардын Газанын чыгышындагы Шукаййе районунда бир үйгө жасаган кол салуусунда төрт киши каза болду.
Израиль армиясынын Газанын түндүгүндөгү Бейт Лахиядагы Кемал Адван ооруканасынын кире беришин бомбалоосунда 3 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Күбөлөр Израилдин аскердик учактарынын Бейт Лахия шаары менен Кемал Адван ооруканасынын айланасында катуу кол салууларды уюштуруп, аймактагы бир имаратты бутага алганын айтты.