Израиль менен Ливандын ортосунда ок атышууну токтотууга жетишилди
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден басма сөздү маалыматтандыруусунда Ливан менен Израилдин өкмөттөрүнүн ортосунда ок атышууну токтотуу келишимине жетишилгенин жарыялады.
Израиль менен Ливандын ортосунда ок атышпоо келишими күчүнө кирди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден басма сөздү маалыматтандыруусунда Ливан менен Израилдин өкмөттөрүнүн ортосунда ок атышууну токтотуу келишимине жетишилгенин жарыялады.
Тараптардын ортосундагы ок атышпоонун жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:00дө күчүнө киргенин жарыялаган Жо Байден Ливандын куралдуу күчтөрүнүн 60 күндүн ичинде өлкөнүн түштүк чек арасына жайгашып, бул аймактын көзөмөлүн камсыздай турганын билдирди.
Келишимде сөз болгон аймактан Хизбуллах элементтеринин куралсыздандырылышы жана Литани дарыясынын түндүгүнө өтүшү каралганын белгилеген Байден Израиль аскерлеринин 60 күндүк мөөнөт ичинде акырындык менен аймактан чегине турганын айтты.
Байден ошондой эле бул мезгил ичинде бир дагы америкалык аскер Ливанда кызмат өтөбөй турганын белгиледи.
АКШ жана Франция башчылык кылган эл аралык коалициянын ок атышпоо келишиминин ишке ашырылышын колдой турганын белгилеген Байден, Израилдин кол салууларынан улам жер которгон ливандыктардын жана Израилдин түндүгүндөгү жөөт отурукташкандардын үйлөрүнө кайтууларына шарт түзүлө турганын айтты.
Ок атышпоонун күчүнө кире турганы жарыяланышынан мурда басма сөздө айтылган айтымдарга караганда Израилдин аскерлери жана Хизбуллах чегинген Ливан чек арасынан Литани дарыясына чейинки аймакка 5 миңден 10 миңге чейин ливандык аскер жайгаштырылат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ) 1701 резолюциясына ылайык, Ливандагы бул топтордун кайра куралданышына жол бербөө максатында Ливанга курал сатуу же Ливандын ичинде курал өндүрүү Ливандын өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бир тараптан басма сөздө орун алган башка бир айтымга караганда, «АКШ келишимдин текстинде болбогон жана Хизбуллахтын келишимди бузганы аныкталса Израилге кайрадан кол салуу укугун берген милдеттенме алган».
Жо Байден Ливан менен Израилдин өкмөттөрүнүн ортосунда ок атышпоо келишими түзүлгөнүн жарыялагандан кийин премьер-министр Микати менен телефон аркылуу сүйлөштү. Микати анда АКШ жана Франциянын салымы менен жетишилген ок атышпоо чечимин кубаттай турганын айтты. Микати Израилдин ок атышпоо чечимин толугу менен аткаруусун, Ливандагы бардык оккупацияланган аймактардан жана жерлерден чыгып кетүүнү жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1701 резолюциясына толук баш ийүүсүн талап кылды.
Ливандын Жарандык коргонуу директорлугу болсо коомчулукка «расмий бийликтер ок атышпоонун толук аткарылганын билдирмейинче» өлкөнүн түштүгүнө кайтпоо боюнча эскертти.
Жарандык коргонуу директорлугунун Операция бөлмөсүнөн жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Ливан калкынын коопсуздугу жана аман-эсен кайтуулары үчүн көрсөтмөлөргө баш ийүүсү талап кылынды.
Билдирүүдө ок атышууну токтотууга толук жетишкенине ишенүү үчүн тиешелүү органдардын расмий билдирүүсү болбостон айылдарга, аймактарга барбоого, айылдарга, шаарларга баруучу жолдордун иликтениши жана күч түзүмдөрүнүн көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырылган.
Ливандын расмий кабар агенттиги NNA Израиль армиясынын Бейруттун түштүгүнө абадан кол салуулары болгонун кабарласа, жергиликтүү маалымат каражаттарында Израиль армиясынын ок атышпоо күчүнө киргенге чейин өлкөнүн түштүгүнө жана чыгышына абадан кол салганы белгиленди. Ок атышпоо келишими жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:00дө (Түркия убактысы боюнча 05:00) күчүнө киргенден кийин Израилдин кол салууларынын токтогону билдирилди.