Гутерриш Палестина эли менен Эл аралык тилектештик күнүндө аймакгагы максаттарга токтолду
БУУнун баш катчысынын орун басары Амина Ж.Мохаммед Гутерриштин Нью-Йорктогу БУУнун Башкы кеңсесинде Палестина эли менен тилектештиктин эл аралык күнүнө карата катын окуп берди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Палестина эли менен Эл аралык тилектештик күнүндө аймактагы негизги максаттардан «мурдагыдан да алыс» экенин билдирди.
БУУнун баш катчысынын орун басары Амина Ж.Мохаммед Гутерриштин Нью-Йорктогу БУУнун Башкы кеңсесинде Палестина эли менен тилектештиктин эл аралык күнүнө карата катын окуп берди.
«Быйылкы эскерүү өзгөчө азаптуу, анткени бул негизги максаттар мурда болуп көрбөгөндөй алыс» деди Гутерриш катында. деп билдирди ал.
Израилдин бир жылдан ашуун убакыттан бери уланган кол салууларынын натыйжасында Газанын урандыга айланганын жана көбү аялдар жана балдардан турган 43 миңден ашуун жарандын каза болгонун белгилеген Гутерриш : «Гуманитардык кризис күн сайын күчөп баратат. Бул коркунучтуу жана кечиримсиз»,-деп өз баасын берди.
Гутерриш Израилдин Чыгыш Кудс менен басып алынган Батыш Шериадагы аракеттери, конуштарды кеңейтүүлөрү, көчүрүүлөрү, бузуулары, отурукташкандарга карата зордук-зомбулуктары жана аннексиялоо коркутууларынын «дагы көп азап жана адилетсиздикке» алып келерин баса белгиледи.
Башкы катчы өз катында төмөнкүлөрдү билдирди: «Израиль менен Палестина тынчтыкта жана коопсуздукта жанаша жашаган, эки мамлекеттин борбору Кудс болгон эки мамлекеттүү чечимге карай кайтарылгыс прогресс үчүн убакыт эбак өттү. Мен тез арада Палестина эли үчүн адам өмүрүн сактап калуучу гуманитардык жардамды толук колдоого чакырам».
Гутерриш Палестина элинин «тынчтыкта, коопсуздукта жана кадыр-баркта жашоо укугу» БУУ тарабынан колдоого алынышы улантыла турганын белгиледи.