Африкада жер которгондор

Африка континентинде өлкө ичинде жер которгондордун саны  15 жылда  3 эсеге өсүп  35 миллионго чыкты.

2214425
Африкада жер которгондор

Ички жер которууну көзөмөлдөө борбору (IDMC) "Африкадагы ички жер которуу: тенденцияларга жана өнүгүүлөргө сереп салуу (2009-2023)" деген отчетун жарыялады. 

Отчетто  Африкада жер которуу окуяларынын көпчүлүгүнүн көбөйгөн кагылышуу жана зордук - зомбулуктун күчөшүнөн келип чыкканы, кырсыктардан качууга аргасыз болгондордун саны да тездик менен өсүп жаткандыгы белгиленди.

Африкада өлкө ичинде жер которгондордун саны  15 жылда  3 эсеге чыгып  35 миллионго жеткендиги белгиленген отчетто мунун глобалдык масштабдагы жер которуу окуяларынын дээрлик жарымын түзгөнүнө көңүл бурулду. 

Жер которгон кишилердин  32,5 миллионунун кагылышуу жана зомбулуктан улам бул абалда экендиги, бул кишилердин 80 пайызынын Конго Демократиялык Республикасы, Эфиопия, Нигерия, Сомали жана Судан болгон беш өлкөдө экендиги билдирилди. 

Отчетто өлкө ичинде жана тышында болгон апааттардан улам жер которуунун көбүнчө сел жана кургакчылыктан улам болжол менен 6 эсеге көбөйгөнү, 2009-жылы 1,1 миллион болгон сандын 2023-жылы 6,3 миллионго жеткени белгиленди.

 



Тектеш кабарлар