Песков : Украинага өзөктүк курал сунуштары тынчсыздандыруучу

Россиянын президенттик сарайы  Кремлдин  басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Украинага өзөктүк курал берүү сунушунун тынчсыздандыруучу экенин  айтты.

2214133
Песков :  Украинага өзөктүк курал сунуштары тынчсыздандыруучу

Россиянын президенттик сарайы  Кремлдин  басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинага өзөктүк курал берүү сунушунун тынчсыздандыруучу экенин  айтты.

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

«Нью-Йорк Таймс» гезитинин «АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн айрым жооптуулары Украинага ядролук курал берүүнү сунуштады» деген кабарына баа берген Песков  Амреика Кошмо Штаттарында «кете турган администрациянын (шайлоодо утулган президент Жо Байден) чыңалууну арттырууну улантып жаткандыгын» жана мунун тынчсыздандыруучу экендигин айтты. 

Өткөн жумада Россиянын Украинанын аскердик жана өнөр жай комплексинин объектилеринин бирине кол салуусунда ядролук эмес гиперүн жабдыктары менен жабдылган «Орешник» аттуу баллистикалык ракетаны согуш шарттарында колдонгонун эске салган Песков, Россиянын президенти Владимир Путиндин бул темадагы билдирүүлөрүнө  Батыштын  көңүл бургандыгын ойлогонун айтты.



Тектеш кабарлар