Индонезияда сел жана жер көчкү: 20 адам каза болду

Абдул Мухари, Түндүк Суматра аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкү тууралуу билдирүү жасады.

2214068
Индонезияда сел жана жер көчкү: 20 адам каза болду

Индонезиянын Суматра аралында сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 20га жетти.

Индонезиянын Улуттук апаат борборунун (BPBD) жооптуу кызматкери Абдул Мухари, Түндүк Суматра аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкү тууралуу билдирүү жасады.

Мухари каза болгондордун санынын 20га жеткенин, дайынсыз 2 киши үчүн издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын маалымдады. 

Улуттук апаат борборунун кызматкерлери кечээ жер көчкүдөн улам көптөгөн аймактарда үйлөр кыйрап чарбалардын зыян тартканын билдиришкен. 



Тектеш кабарлар